30-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31.

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +34…+36 градус болот.