«30-июнда Асман шаарынын курулушу башталат». Садыр Жапаров акчаны каяктан аларын айтты

30-июнда Асман шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«1,5 жылдан бери долбоору даярдалып жатты. Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаар башталат. 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай турчу шаар болот. Аны дагы дүйнөлүк компаниялар келип салат. Биз Кыргызстандан бир дагы сом короткон жокпуз. Шаар сала турчу акчабыз да жок. Инвестор топтоп келип, ошолорго салганы жатабыз»,- деди ал.