30-июнда Ысык-Көлдө экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет

«Мамлекетибиздин эгемендик алган жылдар аралыгындагы ар кандай саясий окуялар, шайлоолор, саясатчылардын жана бийликке келген команданын ишке ашпаган убадалары — элдин ишенимин такыр эле өчүрүп салыптыр. Кандай гана иш башталбасын “кантип эле” деп күмөн санап турушат». Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

Андан ары ал президеннт Садыр Жапаровдун берген убадаларын аткарып жатканын далилдер менен санап берген.

1. Кумтөрдү мамлекетке алып, элдин пайдасына иштетем деген убадасына ириде саясатчылар ишенген эмес. Жыйынтык — Кумтөрдү мамлекетке алып, казылган алтындары, анын салык жана башка кирешелери толугу менен өлкөбүздүн казынасына түшүп жатат.
2. Ар кандай тоскоолдуктар менен ишке ашпай келген, кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталды. Мындан тышкары ири ГЭСтердин агрегаттарында реконструкциялар болуп, кошумча кубаттуулуктар кошулууда. Жалпысынан 50гө жакын ГЭСтер, чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары (КЭС, ШЭС) курулуп жатат.
3. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунунун курулушу башталды. Темир жол мамлекеттин экономикасына Кумтөр сыяктуу эле миллиарддаган кирешелерди алып келет.
4. Билим берүү тармагына быйыл эң көп каражат бөлдү, жаңы мектеп, бала бакчалардын имараттарынын курулушу жүрүп жатат.
5. Дүйнөдө көп өлкөлөр сатып ала элек “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы” сыяктуу заманбап абадан коргонуу аскердик техникалары сатып алынды. Мындан тышкары эскилиги жеткен куралдар жаңыланды, жакында эле аскердик вертолет алынды.
6. Өзгөчө кырдаал, кырсыктарды алдын алуу жана куткаруу багытына колдонуучу чет элдик вертолеттор, заманбап өрт өчүрүүчү жана керектүү куткаруучу техникалар алынды.
7. Жол оңдоо жана курууга эскилиги жеткен, арты 1985-жылы чыгарылган техникалар бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келсе, анын баары жаңыланып жатат. Кыргызстан 669 жаңы техника сатып алууну максат кылган, анын алды Кыргызстанга келип, өлкөбүздөгү жолдордун курулушуна пайдаланып баштады. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу көп аралыкка асфальт жолдор курулат.
8. Миллиарддаган каражаттар Баткенди кайра калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү, объектилерди курууга, элдин жашоо шартын оңдоого кетти.
9. Өлкө аймагы боюнча райондук жетекчилер үчүн – кызматтык үйлөр курулуп, колдонууга берилип жатат. Бул ротация болуп, башка аймакка барган жетекчилерге берилет.
10. Жаңы ооруканалар, балдардын реабилитациялык борборлору курулууда. Бишкекте жаңы 100 орундуу “Келечек” борбору курулду. Ысык-Көлдө “Алтын балалык” борбору толук оңдоодон кийин өлкө аймагындагы бөбөктөрдү кабыл алууда.
11. Облустагы жана аймактардагы аэропорттордун курулуш жумуштары жүрүп жатат, алар бүтсө өлкө ичинде аба каттамдары жанданат. Бишкек шаарына жаңы автобустар сатып алынды.
«Буюрса, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет. Ири долбоордун курулушуна Президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат. Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган. Ал эми биздин Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат», — деп жазылат билдирүүдө.