«Эч тартынбай манты түйүп, аны сатып, таксист болуп иштеген». Арстан Алайдын кызы атасын эскерди

Абакта асынган абалда табылган Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасын эскерди. Билдирүү анын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

«Атам тууралуу айта турган болсом, кайтпас мүнөз, өжөр, эмгекчил, акылман, кыраакы, чынчыл, сөзгө чечен, баарына бирдей караган адам болгон. Тынбай талыкпай, күн-түн дебей эмгектенген, өз киндигин өзү кескен деп айтышат. Атамды 4 жашында таежеси багып алган, бирок атам кийин тууган жана баккан тарапты тең бирдей алып кетти. Өтө зээндүү болгон. Айылына 30 жаш курагында мечит салган, чоң атамды ажылыкка жөнөткөн. Чоң атама, таятама там куруп берген. Азыр биз 30 жашта тооккана кура албай жүрөбүз.

Армияда кызмат өтөп, взводдун командиринин орун басары болгон, жакшы кызмат өтөгөн үчүн армиядан 2 ай эрте келген. Автолавка айдап, кийин кампа башчысы болуп эмгектенген. Атам жаштайынан эч тартынбай маңдай тер менен манты түйүп сатып, балмуздак сатып, таксист болуп иштеген. Кыргыз-кытай чек арасында вагон коюшуп, апам экөө ашкана иштетишчү. Тамак, жарма, дары-дармек сатып, кийин тери, темир чогултуп иштеген. Ошентип өжөрлүгү менен ушул деңгээлге жеткен.

Атам өтө кичи пейил, адамгерчиликтүү, каалаган компаниянын көркүн ачып, шаңга бөлөп, меймандарды ырдатып, бийлетип, жакшы сөзүн аябай элди күлдүрүп, «от алдырып кетчү». Колунан келген жардамын аячу эмес. Үйдөн чыкканда жолдон жөө адам чыгып калса, сөзсүз түрдө аялдамага чейин сала кетчү. 

Кылган кайрымдуулук иштерин жарыялачу эмес, карылар жана балдар үйүнө эч кимге айтпай барчубуз. Бирок эскерүү болуп жаткандыктан элге айтууга туура келип жатат. Атам өзү туулуп-өскөн айылдагы бала бакчага жылуулук системасын орнотуп берген; Мектепти оңдоп берип: терезе, эшик, пол толугу менен алмаштырылды; Мал-жан аралабасын деп мүрзөнүн тегерегин темир тосмо менен тосуп берди; Суу чыгарды; Балдар аянтчасын куруп берди; Ошол илгери салынган мечиттин оңдоо-түзөө иштерин өткөрдү; Коңшу айылга техника алганга жардам берди. Андан сырткары 2010-жылы кредит маселесин көтөрүп чыккан, үйүн алдырып жибербесин деп көп адамдын банктагы кредитин төгүп, жардам берген», — деп жазды ал.