30-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35 градус болот.