Кыргызстанда 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр болуп, айрым жерлерге туман түшөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.