30-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-ноябрга караган түнү Талас облусунун аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн жана күндүз +5…+10 градус жылуу,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.