30-октябрдан тарта Ош шаарында жылуулук бериле баштайт

Ош шаарында 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Жылуулук этап менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.