30-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

«Бишкек суу канал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 30-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сууну өчүрүү «Тоголок Молдо» суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.
Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан  суу камдап алууну суранат.