Эртең, 30-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +20…+22° жылуу болот.