«30 тонна балык кырылды» деген видео боюнча министрлик маалымат берди

Соцтармак колдонуучусу Анвар Яхизов бир түндө 30 тонна балык кырылып калганын айтып чыккан. Окуя Ысык-Атадагы Новое көлүндө болгон.

Айыл чарба министрлиги маалымат берди. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Санитардык-бактериологиялык лабораториясынын жыйынтыгы боюнча аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды.

Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

Кычкылтек жетишсиздиги: бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет.

Метаболизмдин бузулушу: аммиактын жогору деңгээли жабрларга жана ички органдарга терс таасир берет.

Экологиялык тең салмактын бузулушу: суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат.

Балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.

Жыйынтык: Суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.