30-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндуз -4…-9.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 0…2° болот.