«300 миң кол топтойлу». Жарандык активист казино боюнча мыйзам долбоорун жокко чыгаруу керектигин айтты

Жарандык активист Гүлжигит Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылып, 300 миң кол топтоп, казино боюнча мыйзам долбоорун жокко чыгаруу керектигин айтты.

«Баланча депутат казиного каршы добуш бериптир, азамат!» деген пикирлерди угуп калып жатам. Маселени толук жана терең түшүнүү үчүн жакынкы тарыхка көз чаптырып көрөлү. Эсиңиздерде болсо, Кумтөр боюнча маселе каралып жатканда Дооронбек Садырбаевге окшогон патриот, улутман эл өкүлдөрү каршы добуш берели деп эмес, кворумду түздүрбөөнүн аракеттерин жасашкан.

Сунушка токтоло турган болсом, бир эле жол бар: 300 миң кол топтоп, бул мыйзамды жокко чыгаруу керек! Кол топтоо башталса, Садыр Жапаров вето коюшу мүмкүн», — деп жазды ал.