31-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 31-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +15…+17°, күндүзгү температурасы +29…+31° болот.