31-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.