31-августта «Ала-Тоо» аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ала-Тоо” аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу жана майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо максатында Ала-Тоо аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.