31-августта тоскоолдук жараткан унаалар эвакуатордун жардамы менен алынары эскертилди

31-август «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы бул күндөрү коомдук транспорт каражаттарын колдонууга чакырды.

«Ушул күндөрү болуп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдо жүрүү эрежесин так сактоого жана унаа каражаттардын кыймылына тоскоолдук жаратып калтырылган унаа каражаттары эвакуаторлордун жардамы менен алынарын эскертебиз»,- дешти.