31-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 31-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31

Баткенде түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28

Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33 градус болот.