31-майдан тарта Бишкектеги электр энергиясына карыз болгон үйлөрдүн жарыгы өчүрүлөт

31-майдан баштап электр энергиясына карыз болгон 6 миңден ашуун үйдүн жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын сайты жазып чыкты.

Борбор калаанын жашоочуларынын электр энергиясына болгон карызы жалпы жонунан 62 миллион сомду түзөт.