31-октябрдан 2-ноябрга чейин абанын температурасы төмөндөйт

31-октябрда эртең менен жана күндүз, ошондой эле 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 7…12;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3, күндүз 6…11;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3, күндүз 5…10;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 6…11;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5, күндүз 6…11 жылуу болушу күтүлөт.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 , күндүз 1…6 , бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Эскертүү:
— унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;
— алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
— Унаалардын ортосундагы 500метр аралыкты сактаңыз.
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.