34 жаштагы Жаркынай Тажибаева изделип жатат

Ноокен районунун Ноокен айылынын тургуну 1987-жылы туулган Тажибаева Жаркынай Камчыбековна изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаркынай Тажибаева 2-январь күнү саат 23:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген тагы бар. 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Дайынсыз болуп жаткан Тажибаева Жаркынай Камчыбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03734) 5 05 44,  0755 54 00 35,  0771 05 57 75 номурлары же «102» кызматына байланышсаңыздар болот.