344 миң жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес

Кыргызстандын 344 миң жараны биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Ал 2015-2017-жылдары жарандар биометрикалык маалыматтарды тапшырганын айтты. Ал эми 2017-жылдан бери паспорт алган учурда биометрикалык каттоодон өтүп жатышат.