35 жашта болсоңуз, анда сиз жашсыз. Жаштар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жаштар жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, жаштарга 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кирет. Буга чейин жаштардын курагы 14 жаштан 28 жашка чейин болчу.

2022-жылга карата жаштардын саны өлкө калкынын 24 пайызын түзүп, 1 миллион 600 миңден ашуун адам жаштар категориясына кирген.