Тоң РИИБдин кызматкерлери Ак-Сай участогунда жашаган 1969-жылы туулган жарандын үйүндө мыйзамдуу тинтүү жүргүзгөн.
«Тинтүү учурунда 3 даана чабак, 28 даана форель, 13 даана судак, 4 даана сига, 7 даана карась балыгы, жалпы узундугу 2450 метрди түзгөн 35 даана синтетикалык балык кармоо торлору жана кайыктын 2 калагы, мыйзамсыз балык уулоо каражаттары табылган», — деп жазылат маалыматта.
Табылган каражаттар далил зат катары алынып, Тоң РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.