36 жаштагы 8 балалуу эне: «Балдарымдын документи жок мектепке барышкан эмес»

SuperTV телеканалына Бишкек шаарынын четиндеги конуштардын биринде шарты жок, дубалдарынан ным тарткан 1 бөлмөлүү батирде удаа төрөлгөн 8 баласы менен күн кечирген Миргүл Кимболотова кайрылды. Ал эки жолу турмушка чыгып, эки турмушу тең жолдуу болбогонун жана 8 баланы тарбиялоонун түйшүгүн айтып, тагдырын баяндап берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0551 70 20 14.

«Мектеп курагындагы 3 балам бар. Алар мектепке барышкан эмес. Быйыл документ алдым. Эми барып көрөм. Балам бутунан жабыркайт. Кызым жакшы сүйлөй албайт. Баламды ооруканага алып барсам, бул жакка тиги жакка деп карабай коюшту. Кызымды логопедге алып барайын десем көп акча кетет экен», — деди ал.