36 жылдан бери ремонттун бетин көргөн эмес… Караколдогу автобекет оңдолот

Президенттин тапшырмасы менен Каракол шаарындагы автобекет оңдолуп, айланасы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«1988-жылы колдонууга берилген бул имарат бүгүнкү күнгө дейре капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындан улам автобекеттин чатыры жараксыз абалга келип, андан кирген жаан-чачын, эриген кардын суулары ички дубалдарын уратып, айрым бөлмөлөрү такыр жарактан чыгып калган. Автобекеттин башкы имараты Каракол шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилген. Имараттын абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү маалымат алган соң, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен айланасын асфальттоо тапшырмасын бердим», — деп жазылат постто.