«Ала-Арчадагы» коррупция. 39 жылкы жана 26 топозду таппай калышты

«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» Мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, «Ала-Арчанын” балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда, 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.

Такталган боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.