4-6-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасына Түркииянын президенти мамлекеттик сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Алар:
– «Манас» аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй кең көчөсүнө чейин;
— Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз. Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.