4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго чектөө киргизилет

4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

4-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга Түркиянын президенти мамлекеттик сапары менен келгендигине байланыштуу чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

– «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй кең көчөсүнө чейин;

— Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз»,- дешти.