Эртең, 4-июль күнү өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38,
Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33,
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38 градус болот.