4-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт; Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12.. +17, күндүз +31… +36;

Талас жергесинде түнкүсүн +9… +14, күндүз +28… +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12… +17, күндүз +28… +33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7… +12, күндүз +18… +23;

Нарында түнкүсүн +4… +9; күндүз +15… +20;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32… +34 градус болот.