«4 жан сакчысы менен». Райымбек Матраимов тойдо (видео)

Бүгүн, 25-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында депутат Искендер Матраимовдун кызы Нагимайдын үлпөт тою өтүп жатат. Тойго баргандардын арасынан депутаттын бир тууганы жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду көрүүгө болот.

«Аны тойкананын ичинде да, сыртында да 4 жан сакчы кайтарып жүрдү«, — дешти тойдун коноктору.

Маалыматка караганда, Матраимовдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сырдыбаев. 22-августта Искендер Матраимов кызын турмушка узаткан. Кыз узатуу «Ала-Тоо» ресторанында өткөн.