«4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап». Бишкекте куткаруучулар батирде калган балдарга жардам берди

13-апрель күнү Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жерине дароо Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан кызматкерлер барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн. Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып киришип ичинде үч кичинекей 3 -5 жашар балдар бар экендигин көрүшкөн. Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.