4 жаштагы кызы чөгүп кеткен атанын кайрылуусуна карата ӨКМ түшүндүрмө берди

Тору-Айгыр айылында чөгүп кеткен 4 жаштагы кыздын атасы социалдык тармактар аркылуу элге кайрылуу жасап, ӨКМнын кызматкерлери жакшы иштебей жатканын билдирген. Сабыр мырзанын айткандары боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине түшүндүрмө берди.

Биздин кызматкерлер 18-июлдан бери тынымсыз 4 жаштагы кызды издеп жатат. Алгачкы күндөрү кыз чөккөн аймакта иштеп жатканбыз. Кийинчерээк шамал айдап кеткен болушу мүмкүн деген жагдайларды эске алып, аймакты кеңейттик. Учурда Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорго чейин бөлүнүп, издөө иштерин жүргүзүүдөбүз.

Куткаруучу топ ар жакка бөлүнүп иштеп жатканы үчүн ата-энесине аз адам иштеп жаткандай сезилип жатса керек. Бизге деле эртерээк таап берсек жакшы эмеспи. 29-июль күнү ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынан 13 куткаруучу жардам катары тартылган. 18-июлдан бери суучулдар 3 жолу алмашты. Алар 25 метрге чейин тереңдикке түшүп издеп жатышат. Издөө иштери кыз чөккөн аймакта да болууда. Бүгүн издөө иштерине 32 адам тартылды. Өздүк курамдар жөө жээкти бойлоп, суу астында, суунун үстүндө (дрон менен) издеп жатат. Жетекчилик бар кезде деле, жок кезде деле иш боло берет. Анткени сөзсүз иштеген топту жетектеген офицер болот. Ошонун көзөмөлүндө өздүк курам иш алып барат», — деп билдирет ӨКМнын Ысык-Көл боюнча басма сөз кызматы.

.