4-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.