4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт

4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооронова билдирди.

«Ушул жуманын аягына чейин абанын температурасынын бир аз жогорулашы күтүлөт, жаан-чачын негизинен республиканын түштүк аймагында жаашы күтүлөт», — деди ал.

Дооронова мындай сууктун узакка созулушуна Казакстандын батыш тарабындагы антициклон себеп болгонун белгиледи.