4 миң сомдук көмүр эми паспорт менен сатылат

4 миң сомдук көмүрдү паспорт менен, жашаган даректерин жазып каттодон өткөрүп, 2 тоннадан сатып алсаңыздар болот. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынан билдиришти.

«Кардарым бар» деп кирип кеткен портердин айдоочуларына сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргыз көмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5 миң сомдон ашырып сатып жатканы жашыруун эмес. Биздин ишкананын максаты, көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан баада көмүр менен камсыздоо», — дешти.