Эртең, 4-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. .
Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25
Баткен , Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26° жылуу болот.