4-оорукананын башчысы Сабырбек Жумабеков: «Кызматтан кет десе, кетип эле калам»

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

«Кызматтан кет десе, кетип эле калам. Бул маселе эмес. Буга чейин жети жерден сунуш түшкөн. Бишкектеги менчик мекемелерден да, чет өлкөлөрдөн да сунуштар бар. Чет өлкөгө кетип калышыбыз мүмкүн. Мен жалгыз кетпейм, мени менен жаш дарыгерлер да кетебиз деп жатышат. Себеби бизге кысым болууда», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар бүгүн, 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү.