4-оорукананын башчысынын милдетин Гулия Кожокматова аткарат

Гулия Кожокматова Шаардык Тез жардам ооруканасына айландырылган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул кызматка дайындоо боюнча буйрукту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында окуп берди.

Буга чейин министр Сабырбек Жумабековдун Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси кызматынан бошотулганын айткан.