«Батутту Балыкчы, Чолпон-Атадан алып келгенге жетишмекпиз». Спортчу ӨКМ кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди

Кечээ, 27-октябрда Бишкектеги Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 8-кабатынан 22 жаштагы жигит боюн таштады. Бир нече убакыттан кийин анын ооруканага жетпей көз жумган маалым болду.

Милиция окуя тууралуу маалымат 12:39 чамасында түшкөнүн билдирсе, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга маалымат саат 12:30да түшкөнүн айтышты. Ал эми жигит 8-кабатта 4 сааттан ашуун убакыт туруп, милиция, ӨКМ кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, саат 17:00дө боюн таштады. Бул окуя коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Бирок көпчүлүгү ӨКМдин алгылыктуу иш алып бара албаганын айыптап чыгышты. Алардын катарында спортчу Ринат Усупбаев да бар. Ал видео аркылуу ӨКМ министри Бообек Ажикеевге кайрылуу жасады.

«4 саат сүйлөшүүлөр болуптур. 4 сааттын ичинде жерге батут тартылган эмес. Куткаруучу тегерекчелер жок. Сүйлөшүүлөр мыкты деңгээлде өткөн жок. Бул биздин алсыздыгыбыздын белгиси. Былтыркы окуя сиздерге сабак болгон жокпу?! Буга ким жооп берет? Өзүңүз келип, көзөмөлгө алышыңыз керек болчу. Бизге урусат берсеңер, 4 саатта Балыкчы, Чолпон-Атадан батут алып келгенге жетишмекпиз. Секирген жагы бир эле күн батыш тарапта болгон. Үч жагынын баары курчалган. Бир жагына бир нерсе төшөп койсоңуздар, баланы сактап калмаксыздар. Бир жаранды сактай албасак, ӨКМдин эмне кереги бар? Буга ким жооп берет?» — деди ал.