«+40 градус». 7-9-июнь күндөрү мээ кайнаткан ысык болот

Абанын табы 35-40 градуска чейин ысык болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

7-9-июнь күндөрү аба-ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Абанын күндүзгү табы: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40°, Талас облусунда +33…+38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

ӨКМ эскертет! Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылыңыз. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуңуз. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз. Мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.