«+41 градус». 17-19-июнда мээ кайнаткан ысык болушу күтүлүп жатат

17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө +36…+38°ка чейин жогорулашы ыктымал.

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.