+42… Мээ кайнаткан ысык уланууда. Ысыкта жумуш токтотулуусу керектиги айтылды

26-28-июль аралыгында мээ кайнаткан ысык аба сактала бермекчи. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Чүй өрөөнүндө аба температурасы +36 +…+41,

Талас облусунда +34…+39,

Ысык-Көл өрөөнүндө  +29…+34

Нарынской облусунда +31…+36.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +37…+42 градуска чейин ысык болору күтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков учурдагы мээ кайнаткан ысык аба ырайына байланыштуу жумуш токтотулуусу керектигин айтты. «Эмгек кодексине ылайык, аба температурасы +40 градустан көтөрүлсө, ачык жайда иштегендер жумушун токтотуусу керек. Жабык имараттын ичинде иштеген кызматкерлерге иштөөгө уруксат, бирок алардын жумуш күнү 1 саат, 1,5 саатка чейин кыскартылышы керек»,- деди Касымбеков.