«430 үй жашоого жараксыз». Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 640 үй талкаланган

ӨКМ Тажикстандын кол салуусунан бузулган курулуштар тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары жүргүзгөн. Ага ылайык, 640 турак үй, 430 жашоого жараксыз, 210 оңдоп түзөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 18 (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП) социалдык объектилер, 336 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 унаа жабыркаган.