44 талапкер… Үч округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кечээ, 30-майда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Талапкер катары үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 жаран арыз берген. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

—  №5 Ноокат округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 1 аял,

— №36 Ысык-Көл округу боюнча — 20 талапкер,

— №29 Свердлов округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 2 аял

2-июндан саат 18:00дөн кечиктирбестен талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтерди бериши керек:

— шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

— жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

— иштеген же окуган жеринен маалымкат;

— бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 10-июнга чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, 10-июндан тартып эң активдүү этап — шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 29-июнда саат 8:00дө аяктайт.