«46 жылдык иш тажрыйбасы бар, азыр да эмгектенет». Соцфонд 179 миң сом пенсияны ким аларын айтты

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева бүгүн Kaktus.media сайтынын түз эфиринде Кыргызстанда эң көп 179 миң сом пенсияны ким аларын айтты. 

Анын айтымында, бул адамдын 46 жылдык иш тажрыйбасы бар, жашы 70тен ашса да, бүгүнкү күндө ишин улантууда. «Ушуга чейин ал Соцфонддун бюджетине 19 миллион сом төккөн, ал эми жарандар өмүр бою орто эсеп менен 1,5-2 миллион сом төгүшөт. Бул адамдын пенсиясын тартып алганга кандай укугубуз бар? Бул анын акчасы. Ал төгүмдү төлөп эле тим болбостон, айына 40тай пенсионерди багып келген», — деди Гүлнура Жуматаева.

Ал белгилегендей, фонддун төрагасы бул пенсияны айткандан кийин «эмне үчүн бул жаран мынча пенсия алышы керек, аныкын алып, башка аз алгандарга бөлүп бергиле» дегендер болгон дейт. «Көп учурда адамдар пенсия менен жөлөкпулду чаташтырышат. Пенсия – бул адам өзүнүн жашоосунда иштеп, эмгек акысынан төгүм кылган каражат. Бул эң маанилүү», — деди ал. 

3-декабрда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сом экенин айткан.