Бир нече күн мурун УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл жергесине болгон иш сапарында Сары-Ой айыл өкмөт башчысына сын айткан. Төрага айылдагы айланма жолду 50 миң сомго көрктөндүрүп койсо боло турганын белгилеп, тапшырма берген.
Көп өтпөй социалдык тармактарда аталган жер оңдоп-түзөлүп жаткан видео тарады. Видеонун автору оңдоо иштерине 48 миң 852 сом кеткенин айтканын угууга болот. Аталган акчага гүлдөр, арчалар отургузулуп, суу чыгарылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлгө болгон иш сапарында айыл өкмөт башчысын урушкан. Ташиев 10 жылдан бери айланма жол көрктөндүрүлбөй турганына нааразы болуп, аталган жерди 50 миң сомго оңдоп койсо боло тургандыгын айтты.