«480 сомго түшөт». Ошто 30-июлдан тарта эт арзандамай болду

30-июлдан тарта Ош шаарында эттин баасы 1 килограммына 480 сомго чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 27-июлда Ош шаарынын мэриясында эт баалары боюнча жумушчу кеңешме болуп өткөн. Ага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эт сатуучулар жана фермерлер катышкан.

«Акыркы 3 айда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар ​​аркылуу мэрияга эттин баасын жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатышат»,- деди шаардын биринчи вице-мэри.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ниязбек Мойдинов аймакта эт олуттуу себеби жок эле кымбаттап кеткенин айтты.

Кеңешменин жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограммын 480 сомго түшүрүү чечими кабыл алынды.