Акчасы жок, иши жок, кайырчы байкуш кантти экен?

Борбор калаабыздын көчөлөрүн, базарларын араласаңыз жок дегенде эле бир кайырчыга көзүңүз илинет. SUPER TV шаарыбызда кайыр сураган кишилердин бир нечесинин тагдырына кызыгып, алардын эмнеден улам мындай жагдайга туш болгонун угуп көрдү.

Өзүн Гүлбүбү Баяманова деп тааныштырган бул аял 10 жылдан бери кичинекей төрт баласы менен “Ош” базарынын тегерегинде кайыр сурап, балдарын жана оорукчан күйөөсүн багып келет.

Кезектеги каарманыбыз 63 жашта. Пайгамбар жашка келгенде минтип кайыр сурап калышына анын ден соолугу себеп. Багар баласы жок экенин айткан ал, күн сайын бул жерден 100-150 сом табарын кошумчалады.

Ал эми бул каарманыбыздын аты Акылбек Солпиев, 29 жашта. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу ишке жарамсыз. Мындан улам таңдан кечке калаадагы соода борборлорунун биринин жанында кайыр суроого аргасыз.

Айгүл Романова аттуу каарманыбыз жер өтмөктөрдүн биринде кайыр сурап отурат. Ал боору ооругандыктан, дарыланууга каражат топтоо үчүн элден жардам суроого туура келгенин айтып берди.

Борбор калаадагы кайырчылардын тагдыры тууралуу репортажды шилтеме аркылуу көрүңүз:

Күнүнө 1000 сомго чейин чогулат. Кайырчылардан сурамжылоо